0 800 000 7777 (КР боюнча чалуу акысыз)

Брайан Трейсинин семинары

  1. Долбоордун максаты: Ийгиликке жетишүүгө элге мотивация берүү
  2. Шаар: Бишкек
  3. Камтуу: 1100 адам
  4. Жыйынтыктар: Семинарга 1000ден ашык адам катышты

Долбоор жөнүндө

Филармонияда М Булак компаниясынын финансылык колдоосу менен Ийгиликтин психологиясы жаатындагы дүйнөлүк эксперттин семинары болуп өттү. Семинар М Булактын Башкы директору Бабур Тольбаевдин саламдашуу сөзү менен башталды. "Бул Брайан Трейсинин акыркы семинарларынын бири болушу мүмкүн. Мен мындай семинарларга 5-6 жолу катышканмын. Джон Шоулдун акыркы семинарында мен ага "Семинардан алынган билимди аудиториянын канча пайызы иш жүзүндө пайдаланат" деген суроо узатканымда "2, эң көп дегенде 5" деген жооп кайтарды. Мен бул статистиканы өзгөртүүнү сунуштайм. Келгиле, бүгүнкү семинарды максималдуу түрдө эффективдүү өткөрөлү". Брайан трейси 2016 жылга карата 3 ири компаниянын негиздөөчүсү, 40 китептин автору, 5000 ден ашуун лекция, 30 видеосабак жазып, ал 20 тилге которулган. Ал онлайн университет ачкан, ал эми семинарларына жылына 300 000ден ашык адам катышат. Бул семинарга М Булак компаниясынын 100 кызматкери, компаниянын стипендиялык программасынын студенттери жана ошондой эле жалпысынан 1100 ар кайсы тармактардагы Соода искуствосуна кызыкдар адамдар катышышты.