0 800 000 7777 (КР боюнча чалуу акысыз)
Ишемби | 09.09.2023

“MBULAK KUZ DEMI 2023”!

Мына ошентип ушул күздүн көптөн күткөн жана эң маанилүү окуясы болуп өттү!
8-октябрда жыл сайын өтүүчү “MBULAK KUZ DEMI 2023” Эл аралык кайрымдуулук жарым марафону болуп өттү.

Салт боюнча «М Булак» компаниясы спортту жана сергек жашоону өнүктүрүү үчүн бул маанилүү иш-чарага башкы демөөрчү болду. Жарыш, ар бир катышуучуга өзүнүн спорттук мүмкүнчүлүктөрүн сынап гана тим болбостон,чуркоонун майрамдык атмосферасын сезип, марада медаль алып жана кайрымдуулукка катышууга да мүмкүнчүлүк берди. Марафондун катышуучуларынын басып өткөн ар бир километри акчага айлантылып, М Булак холдингинин лидери Б.Л. Тольбаев аны 7 сомго көбөйтүп, жүрөгүнө операция жасатууга муктаж болгон бөбөктөргө которот.

Биз, жарыштын катышуучуларынын саны жыл сайын өсүп жатканын көрүп, өзгөчө кубанычта болдук. Бул жылы биз: Өзүнө жана башкаларга жардам берүү! Чыныгы "Чуркаган жүрөктөр" – аттуу бир максаттын алдында 3000 ден ашуун адамды чогулта алдык.
Алардын 120сы - «М Булак» компаниясынын кызматкерлери жана алардын балдары экенине биз абдан сыймыктанабыз!

«М Булак» компаниясы өлкөбүз үчүн маанилүү иш-чарага катышкан ар бир катышуучуга, уюштуруучуларга, өнөктөштөргө, ыктыярчыларга жана муниципалдык жана мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрүнө терең ыраазычылык билдирет.