0 800 000 7777 (КР боюнча чалуу акысыз)

Төлөө жолдору

1. Телефонго Элкарт.Мобайл.
тиркемесин жүктөп, орнотосуз
2.Тиркемени ачып, каттоодон өтөсүз.
3.Телефон номериңизди жазыңыз. Андан кийин сыр белги киргизип, аны эстеп калыңыз. Мындан кийин КАТТАЛУУ баскычын басып, эстеп калышыңыз керек болгон пин-кодду өзүңүзгө түзөсүз.
4. Сиз Төлөмдөр баракчасына өтүп, ал жерден КАРТАЛАР бөлүмүн тандайсыз. Бул бөлүмдөн сиз + кызыл тоголок баскычын басасыз. Аталган бөлүмдүн КАРТАЛАР сапчасынан сиз Элкартты тандап, алгач картанын номери, андан кийин картанын иштөө мөөнөтүн жана картанын арткы бетиндеги үч санды киргизесиз.
5. Кийинки баракчадан сиз картаны ырастоо жолун тандап, ачылган терезеден ырастоодон өтөсүз.
6. Карталар баракчасында сизде көк түстөгү жылдызы бар Элкарт пайда болот, мындан кийин Төлөмдөр баскычын басасыз.
7. Төлөмдөр баракчасынан сиз Банк кызматтары баскычын тандайсыз. Банк кызматтары бетинен "МКК М Булак" ЖЧКсын тандаңыз.
1. Дос-Кредобанктын каалаган терминалынын экранынан "Финансы кызматтары" баскычын тандайсыз
2. Ачылган баракчадан "М Булакты" тандайсыз.
3. Биринчи сапка туулган жылыңызды жазыңыз: жыл, ай, күн. Ылдыйкы сабына эсептик номуруңузду киргизесиз.
4. Ачылган терезеден туулган жылыңызды, эсептик номуруңузду, насыя алуучунун аты-жөнүн, сунушталган сумманы текшерип, Кийинки баскычын басасыз.
5. «Каражатты киргизиңиз» баракчасында сиздин эсептик номуруңуз көрсөтүлгөнүн көрөсүз. Мындан кийин сиз төлөнө турган сумманы киргизип, Кийинки баскычын басасыз.
6. Төлөм аткарылды, эсеп-дүмүрчөктү алыңыз.
Компаниянын кассасы аркылуу насыя төлөө үчүн М Булактын сизге ыңгайлуу каалаган кеңсесине кайрылыңыз. Кеңселердин картасын сиз биздин сайттын башкы бетинен таба аласыз.
1. Терминалдын экранынан Финансы кызматтары баскычын тандаңыз.
2.Финансы кызматтары баракчасынан М Булактын насыясын төлөө баскычын тандайсыз.
3. Пайда болгон терезеге эсептик номуруңузду тересиз. Көңүл буруңуз: Комиссия жалпы сумманын 3 % түзөт. Кийинки баскычын басасыз.
4. Мындан кийин туулган күн, ай, жылыңызды терип, Кийинки баскычын басасыз.
5. Андан соң келишим номуруңузду тандап, киргизилген жеке маалыматтарды текшериңиз, бардыгы туура болсо Кийинки баскычын басыңыз.
6. Накталай акча каражатын салыңыз. «Эсепке кире турган сумма» тилкесинде жалпы акча каражатынан 3 % алынгандан кийинки сумма көрсөтүлөт.
7. Төлөм аткарылды.
1. Керемет банктын терминалынын экранынан Банк кызматтары баскычын тандаңыз.
2. Пайда болгон баракчадан МКК М Булакты тандаңыз. Жаңы терезеде киргизилген төлөм суммадан алына турган 1 %дык комиссия тууралуу маалымат чыгат, алдындагы Улантуу баскычын басыңыз.
3. Туулган жылыңызды терип, Улантуу баскычын басыңыз.
4. Мындан соң эсептик номурду тере турган терезе ачылат, аны жазып, кайрадан Улантуу баскычын басасыз.
5. Киргизилген жеке маалыматтарды текшериңиз. Эгерде ката бар болсо, экрандын сол жак бурчунда Оңдоо баскычы бар, ал эми, эгерде бардык маалыматтар туура болсо Төлөө баскычын тандаңыз. Мындан соң төлөм аткарылган болуп саналат.
1. QuickPay терминалынын экранынан Финансы кызматтары баскычын тандаңыз.
2. Ачылган баракчадан Микрофинансылык уюмдарды тандоо зарыл.
3. Жаңы баракчада ачылган тизмеден МКК "М Булак" насыясын төлөө баскычын басасыз. Алдыңыздарда эсептик номурду, туулган жылды жана насыя келишиминин номуру териле турган терезе пайда болот. Акыркы пункт милдеттүү эмес. Бардык маалыматтарды толтуруп, Кийинки баскычын басыңыз.
4. Сиз киргизген жеке маалыматтарды текшериңиз, бардыгы туура болсо Кийинки баскычын тандаңыз.
5. Накталай акча каражатын салып, Төлөө баскычын басыңыз.
6. Эсеп-дүмүрчөктү алып, өзүңүзгө сактап коюңуз.
1. Каалаган Umai терминалынын экранынан Финансы кызматтарын тандаңыз.
2. Ачылган баракчадагы тизмеден М Булакты таап басыңыз.
3. Кийинки баракчада туулган жылыңызды жана эсептик номуруңузду киргизип, Кийинки баскычын басыңыз.
4. Киргизилген жеке маалыматтарыңызды текшериңиз, бардыгы туура болсо Кийинки баскычын басыңыз.
5. Накталай акчаны салыңыз. Терминалдын комиссиясы 2 % түзөт, экранда сиз киргизген сумма көрсөтүлөт.
6. Төлөө/Кийинки баскычын басыңыз. Сиз төлөмдү аткардыңыз.
1) КИКБ терминалынын экранында "башка кызмат көрсөтүүлөр" пунктун тандайбыз.
2) Ачылган менюда дагы бир жолу "башка кызмат көрсөтүүлөрдү" тандайбыз.
3) Кийинки ачылган менюда "М Булакты" тандайбыз".
4)Пайда болгон талаага өз туулган күнүңүздү жана туулган жериңизди жазып "андан ары" баскычын басабыз.
5) Кийинки терезечеге сиздин өздүк эсебиңизди жазып "андан ары" баскычын басыбыз.
6) Ачылган терезечеде Сиз киргизген маалыматтарды көрө аласыз, эгер ал маалыматтар туура болсо "туура” деген кнопканы, ката көрүп калсаңыз "түзөтүү" деген кнопканы басыңыз.
7) Маалыматтар туура болсо анда жүктөөнү күтүп жана киргизилген маалыматтардын тууралыгын дагы бир жолу ырастаңыз
8) Андан кийин, кабыл алгычка акчаны салыңыз.
* КИКБ терминалдары аркылуу төлөөдө комиссия 1% түзөт.
1) Компаньон Банкынын терминалынын экранында «Финансы» пунктун тандаңыз
2) Ачылган менюда «М Булакты» тандаңыз
3) Кийинки ачылган бетке өз туулган күн/ай/жылыңызды жана өздүк эсебиңизди (321-19701013) жазып "андан ары" баскычын басыңыз
4) Ачылган терезечеде Сиз киргизген маалыматтарды көрө аласыз, анын тууралыгын текшерип, "андан ары" баскычын басыңыз
5) Маалыматтардын тууралыгын текшерген соң кабыл алгычка акчаны салыңыз. Терминалдын комиссиясы 1000 сомго чейинки төлөмгө 20 сом, 1001 сомдон 5000 сомго чейин 30 сом, 5000 сомдон 15 000 сомго чейин 50 сомду түзөт
6) Андан ары/Төлөө баскычын басыңыз. Сиз төлөм жүргүздүңүз
1) “Оңой” терминалынын экранынан "Финансы кызматтары" баскычын тандайсыз.
2) Ачылган баракчадан "М Булакты" тандайсыз.
3) Биринчи сапка эсептик номуруңузду киргизиңиз, андан кийин туулган жылыңызды жазыңыз: жыл, ай, күн. Кийинки баскычын басасыз.
4) «Төлөм» баракчасында сиздин эсептик номуруңуз көрсөтүлгөнүн көрөсүз, анын тууралыгын текшерип, андан кийин төлөнө турган сумманы киргизген соң “кийинки” баскычын басасыз.
5) Төлөм аткарылды, эсеп-дүмүрчөктү алыңыз.
*Комиссия 2% түзөт.
1. Терминалдын экранында «Банк кызматтары» вкладкасын тандаңыз.
2. «Банк кызматтары» бөлүмүндө «М Булак» компаниясын тандаңыз.
3. Ачылган бөлүмдө өздүк эсебиңизди жана туулган датаңызды Жыл/ай/күн форматында жазыңыз, “Далее” баскычын басыңыз.
4. Ачылган бөлүмдө киргизилген маалыматтын тууралыгын текшерип, “Далее” баскычын басыңыз.
5. “Внесение средств” бөлүмүндө төлөмдү киргизиңиз жана “Оплата” баскычын басыңыз.
6. Төлөм ийгиликтүү аткарылгандан соң билдирме пайда болот, дүмүрчөктү алыңыз жана төлөмдү тастыктоо үчүн аны сактап коюңуз.
Андан соң компанияда катталган номерге төлөмдүн аткарылгандыгы тууралуу СМС билдирме келип түшөт.
1. Телефонго Элкарт.Мобайл.
тиркемесин жүктөп, орнотосуз
2.Тиркемени ачып, каттоодон өтөсүз.
3.Телефон номериңизди жазыңыз. Андан кийин сыр белги киргизип, аны эстеп калыңыз. Мындан кийин КАТТАЛУУ баскычын басып, эстеп калышыңыз керек болгон пин-кодду өзүңүзгө түзөсүз.
4. Сиз Төлөмдөр баракчасына өтүп, ал жерден КАРТАЛАР бөлүмүн тандайсыз. Бул бөлүмдөн сиз + кызыл тоголок баскычын басасыз. Аталган бөлүмдүн КАРТАЛАР сапчасынан сиз Элкартты тандап, алгач картанын номери, андан кийин картанын иштөө мөөнөтүн жана картанын арткы бетиндеги үч санды киргизесиз.
5. Кийинки баракчадан сиз картаны ырастоо жолун тандап, ачылган терезеден ырастоодон өтөсүз.
6. Карталар баракчасында сизде көк түстөгү жылдызы бар Элкарт пайда болот, мындан кийин Төлөмдөр баскычын басасыз.
7. Төлөмдөр баракчасынан сиз Банк кызматтары баскычын тандайсыз. Банк кызматтары бетинен "МКК М Булак" ЖЧКсын тандаңыз.
1) Терминалдын экранында “Финансылык кызматтар” категориясын тандаңыз.
2) Башкы менюдан “M Булакты” тандаңыз.
3) Андан кийин “Насыяны төлөөнү” тандаңыз.
4) Терминалдын экранында пайда болгон маалыматты кунт коюп окуп чыгыңыз.
5) Андан кийин, туулган жылын жана кардардын кодун киргизип, “Кийинки” баскычын басыңыз.
6) Жоопту күтүп, сунушталган сумманны текшерип, “Кийинки” баскычын басыңыз.
7) Сиз салган сумма автоматтык түрдө комиссиянын суммасына азайтылат. Комиссия 1% түзөт.
8) Андан кийин акча каражатын кабыл алгычка салыңыз.
9) Төлөм жөнүндө тастыктоону күтүп, дүмүрчөктү алып, аны сактап коюңуз.
1) Финка Банк төлөм терминалынын экранынан "Финансылык кызматтар" бөлүмүн тандаңыз
2) Финансылык кызматтар бөлүмүнөн "М Булакты" тандаңыз.
3) "М Булак" бөлүмүндө кардардын кодуна дал келген "Жеке эсеп" талаасын жана кийинки бетте кардардын "Туулган жылы, айы, күнү" талаасын толтуруңуз жана "Кийинки" баскычын басыңыз.
4) "Шаблондун маалыматын текшерүү" бөлүмүндө маалыматтардын тууралыгын текшерип, "Кийинки" баскычын басыңыз.
5) Андан кийин, "Каражат киргизүү" бөлүмүндө, сиз төлөй турган сумманы терминалга киргизип, андан кийин "Төлөө" баскычын басыңыз.
6) Төлөм ийгиликтүү аткарылган соң, экранда билдирүү пайда болуп, дүмүрчөк басылып чыгат. Төлөмдү тастыктоо үчүн дүмүрчөгүңүздү сактап коюңуз.
Компанияда катталган уюлдук телефон номерине төлөмдүн келип түшкөндүгү жөнүндө Сиз СМС билдирүү аласыз.
5000 сомго чейин комиссия 20 сом, 8000 сомго чейин комиссия 30 сом, 8000 сомдон жогору 50 сомду түзөт.
1) О! терминалынын экранында «Финансылык кызматтар» бөлүмүн тандаңыз.
2) «Финансылык кызматтар» бөлүмүндө «МКК МФК» тандаңыз.
3) «МКК МФК» бөлүмүндө «МКК «М Булак» бөлүмүн тандаңыз.
4) «М Булак» бөлүмүндө кардардын кодуна дал келген «Өздүк эсеп» бөлүмүн, андан соң кийинки бетте кардардын «Туулган жылы, айы, күнү» бөлүмүн толтуруп, «Андан ары» баскычын басыңыз.
5) «Шаблондун тууралыгын текшерүү» экранында маалыматтын тууралыгын текшерип, «Андан ары» баскычын басыңыз.
6) Кийинки бөлүмдө төлөнүүчү суммадагы акча каражатын салып, андан соң «Төлөм жүргүзүү» баскычын басыңыз. Комиссия 2% түзөт.
7) Төлөм ийгиликтүү жүргүзүлгөн соң, экранда тастыктоо билдирмеси пайда болот. Төлөмдү тастыктоо үчүн дүмүрчөктү сактап коюңуз.
Компанияда катталган номериңизге төлөм тууралуу СМС билдирме келип түшөт.