0 800 000 7777 (КР боюнча чалуу акысыз)
Жума | 27.03.2020

М Булактан кайра каржылоо

 М Булактан кайра каржылоо

Урматтуу достор!

Бүгүнкү күндө коронавирус боюнча абал өлкөдө эле эмес, дүйнө жүзүндө абдан тездик менен өзгөрүүдө. Тилекке каршы, коронавирус инфекциясы менен күрөшүү чаралары биздин ишкер кардарлардын да ишмердигине өз таасирин тийгизбей койгон жок. Барыбыз үчүн кыйын болгон бул кырдаалда, кыйынчылыктарга кабылып, насыяны өз убагында төлөй албай жаткан биздин кардарларга колдоо көрсөткүбүз келет.


Биринчиден, биздин Компаниябызга көрсөтүлгөн ишеним жана тандооңуз үчүн ыраазычылык билдиребиз.


Экинчиден, биз жана биздин Кардарларыбыз үчүн жеңил эмес кырдаалга М Булак кандай кам көргөнү тууралуу айтып берели.


Азыркы тапта эң башкы милдет - насыя алган кардарларыбызга төлөмдөрдү жүргүзүүгө жардам берүү. Анткени, кардарларыбыз дуушар болгон бул кыйын кырдаалга кайдыгер карап тура албайбыз. Ошондуктан, Компания коронавирус инфекциясынан улам кригизилген өзгөчө кырдаал маалында ишмердигине залал келген кардарларыбызга атайын иштелип чыккан чара түрүндө колдоо көрсөтөт.


Кардарларыбызды колдоо максатында биз кайра каржылоону сунуштайбыз!


Бул кандайча иштейт? Жана кардарларга кандай пайдасы бар?


-Кардардын кайрылуусу боюнча дароо жаңы насыя берилет!


-Жаңы насыянын эсебинен азыркы карыз толук түрдө жабылат.


-Жаңы насыя жеңилдетилген мөөнөтү менен 3 айга берилет.


-Сизде тыныгуу убактысы болот, карыздар болбойсуз жана насыя таржымалыңыз бузулбайт.


-Кардарлар кайра каржылоону азыркы карыздын көлөмү менен тең жана ошондой эле баштапкы насыянын суммасына барабар кылып ала алышат. 


-Арыздар үчүн далил жана узакка созулган бюрократиянын кереги жок.


-Комитеттин чечимин жана протоколдордун бекитилишин күтүү зарылчылыгы жок.


-Эгер жаңы насыянын суммасы мурунку карыздын көлөмү менен барабар болсо, анда жаңы насыянын кошумча пайызы нөлгө барабар болот!


-Жаңы насыянын мөөнөтү жеңилдиктер каралган мөөнөттү да камтыйт.

- Эгер сиз М Булакта ислам принциптери менен каржыланган болсоңуз, анда сизге карыздын суммасына Кард Хасан (насыясыз каржылоо) кайра каржылоосун сунуштайбыз (негизги сумма+кошумча төлөм). Биз каржылоо мөөнөтүнөн мурда төлөө үчүн жетиштүү суммадагы каражатты беребиз. 

Урматтуу кардарлар,эгер Сиздин ишмердигиңиз Коронавирус инфекциясына байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам жапа чексе, кайра каржылоого арыз менен Компаниянын кеңселерине (карантин аймагынан тышкаркы) же насыялык адисиңизге кайрылсаңыз болот.


Көңүл буруңуз! Эгер Сиз М Булактын кеңселерине жолдордун жабылганына байланыштуу бара албай жатсаңыз, кабатыр болбоңуз! Карантин убагында насыя боюнча айып пул чегерилбейт. Эң башкысы биздин адистер менен байланышып, өзүңүздүн кайра каржылоо алуу ниетиңизди билдириңиз. Карантин бүткөндө же жолдор ачылганда кайра каржылоону ыкчам түрдө каттап ала аласыз.


ӨЗҮҢҮЗГӨ ЖАНА ЖАКЫНДАРЫҢЫЗГА САК БОЛУҢУЗ!
ҮЙҮҢҮЗДӨ БОЛУҢУЗ!АМАН-ЭСЕН БОЛУҢУЗ! М БУЛАК МЕНЕН БИРГЕ БОЛУҢУЗ!

0 800 000 7777 (КР боюнча чалуу акысыз)