0 800 000 7777 (КР боюнча чалуу акысыз)
Сиздерде эмгектенгим келет

Компания жөнүндө

М Булак компаниясы - бул Кыргызстан, Орусия жана Азербайжанда 200дөн ашык кеңсе.
2500дөн ашык кызматкер күн сайын кимдир-бирөөлөрдүн жашоосун жакшы жакка өзгөртүп, кесипкөйлүк жана инсандык жактан өнүгүп турушат. М Булак - бул бийик максаттарга, бай тарыхка жана күчтүү корпоративдик маданиятка ээ эл аралык финансылык холдинг.

Эң мыкты команданын бир бөлүгү болуп, кесипкөйлүгүңдү арттырып, Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошкуң келеби? Анда M Bulak Team сени күтөт!

Кыргызстандын эң ийгиликтүү микрофинансылык компанияларынын бири

КМШ аймагында ислам негиздери менен каржылоо боюнча лидер

Биз кызматкерлерибиздин карьералык өсүшүн чектебейбиз - биз буга жардам беребиз

Социалдык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча эң үзүрлүү компаниялардын бири

Биздин командабызга кошулуңуз!

Тарых

2008
2009
2010
2011
2012
2013
2014
2015
2016
2017
2018
2019
2020
2021

- Чет өлкөлүк инвестордон алгачкы насыяны алганбыз

- Бишкек шаарында компаниянын башкы кеңсеси ачылган

- 7 000ден ашык бактылуу кардар М Булактын каржылоо кызматтары менен колдонгон

- Кыргызстандын бардык аймактарында М Булактын кеңселери ачылган

- М Булак Бишкек шаары боюнча өзүнүн районунда эң мыкты салык төлөөчү компания болгон

- Биз микрофинансылык кызмат көрсөтүүдө Кардарларды колдоо принцибин киргизгенбиз

- Бул жылы биз 10 000ден ашык кардарга жардам көрсөткөнбүз!

- М Булак алгачкы жолу «Чоң төрттүктүн» көз карандысыз аудитинен өтөт

- М Булак активдүү кардарлардын саны боюнча алдыңкы 3 микрофинансылык компаниялардын тизмесине кирет

- Бактылуу кардарлардын саны 50 000ге жетет!

- Биз жергиликтүү микрофинансылык компаниялардын арасында №1-компания боло алдык

- М Булак бир нече кредит берүүчүнүн катышуусунда бир насыя алуучуга ири өлчөмдө каржылоо сунуштаган биринчи компания аталат

- 100дөн ашык кеңсе ачылып, 1000ден ашык жумушчу орун түзүлөт

- Ырчы Каныкей компаниянын жүзү болгон

- 100 000ден ашык жигердүү кардарлар, алардын 70 %дан ашыгы - аялдар!

- Кыргызстандын түштүгүндө июнь окуясынан жабыр тарткандарга финансылык жардам берүү максатында өнөктөшөр менен бирге «Жандандыруу фонду»түзүлдү.

- Биз Ислам каржылоо принциптеринин механизмдерин иштеп чыгуу жолун баштаган биринчи микрофинансылык уюм болдук

- Биз М Булак Академиясын ачтык

- Компаниянын кардарларынын уул-кыздарынын арасындагы таланттуу мектеп бүтүрүүчүлөрүн колдоого арналган М Булак Билим стипендиялык программасы ачылган

- Кардарлар үчүн агрардык кеп-кеңеш берүү программасы ишке кирген

- Финансылык билим боюнча программа ишке берилген

- М Булактын 700 кызматкери МБФ Академиясынын окуусунан өтүшкөн

- Ислам каржылоо принциптерин компаниянын ишине киргизүү планын иштеп чыгуу боюнча жумуш башталган

- 65 000 кардар агрардык кеп-кеңеш берүү программасынын алкагында сунуштарды ала алышкан

- Биз бүткүл өлкө боюнча жайгашкан 140тан ашык кеңседе 116 000ден ашык кардарга жардам көрсөтө алдык!

- М Булак Кыргыз Республикасындагы №1-микрофинансылык компания аталган

- "МБФ Ферма" жаңы долбоору ишке киргизилди. Бул - ортомчуларды айланып өтүп,өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын интернет аркылуу сатуу боюнча жаңы бизнес-модель

- Өндүрүштүк окуу борбору - фермерлерди жана компаниянын кызматкерлерин айыл чарбасын сарамжалдуу жүргүзүүнүн негиздерин үйрөтүү, окуу материалдарын (брошюраларды, видеороликтерди ж. б.) иштеп чыгуу боюнча долбоор иштеп баштаган

- Биз менеджмент, Шариаттык кеңеш жана Улуттук Банктын өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрдүк

- Улуттук Банктын талаптарына ылайык саясат жана жол-жоболор иштелип чыккан

- М Булактын эң мыкты кызматкерлери үчүн Анталья шаарында биринчи шыктандыруучу слёт өткөрүлгөн

- КМШ чөлкөмүндөгү эң компетенттүү Шариаттык Кеңештердин бири түзүлгөн

- Биз Ислам принциптеринин алкагында амалдарды жүргүзүү боюнча күбөлүк алдык

- "Элдин пайдасына" - биздин жаңы ураан, мындан ары компаниянын негизги иш багыты ушул ураандын алдында өтөт

- Бишкек шаарында М Булактын эң мыкты кызматкерлеринин корпоративдик слёту өттү

- Жеке секторду өнүктүрүү боюнча Ислам корпорациясы менен жана Ислам өнүктүрүү банкы менен келишим түзүлгөн

- "Ислам принциптеринин алкагында каржылоо иштей баштаган

- «Апаке» фонду түзүлгөн

- М Булактын эң мыкты кызматкерлеринин Бириккен Араб эмиратындагы слёту.

- Ислам каржылоо принциптеринин негизинде 13 жаңы продукт иштелип чыккан

- М Булак Балдардын Футболдук лигасын түзүп, ага КРнын бүткүл аймактарынан келген 3 000ден ашык мектеп окуучусу катышты

- М Булактын эң мыкты кызматкерлеринин слёттору Ташкент шаарында жана ошондой эле Ысык-Көлдө өттү

- Жылдын жыйынтыгында биз Кыргызстандын 5 эң ири салык төлөөчүлөрүнүн тизмесине кирдик

- «Апаке» фонду менен биргеликте мектептеги билимди санариптештирүү боюнча «Күндөлүк» долбоору ишке ашырылды

- «Апаке» фонду жана Кыргыз азиздер Федерациясы менен биргеликте көзү азиз адамдырды адаптациялоого багытталган «Жаңыча жашоону башта» аттуу долбоор да ишке ашты

- Компаниянын эң мыкты кызматкерлеринин слёту Антальяда өттү

- 2019-жылы Балдардын футболдук лигасы үстүндө иштөөсүн улантып, бул жылы КРнын бүткүл аймактарынан 2 000ден ашык мектеп окуучусу катыша алды

- 40тан ашык социалдык долбоор жана демилгелер ишке ашырылды

- М Булак Компаниясында ребрендинг жана жаңы ураанга өтүү.

- Бүгүн М Булак - бул тоодой бийик максаттар менен чексиз дараметке ээ ири компания. Замандын шары менен тең жарышкан М Булак дагы жакшы өзгөрүүлөргө багыт алып, ошол эле маалда элге пайда алып келүүнү улантат. Жаңыланган М Булак - бул ар бир адамга финансылык бакыт. M - бул Меники, М - бул Максималдуу, М - бул Мейкиндиктей кенен!

- Азыркы учурда Компания географиялык камтуусу жактан Кыргызстандын бардык микрофинансылык уюмдарынын арасында эң алдыңкы орунда турат, Россия жана Азербайжан аймактарында өсүүсү күч. Компаниянын жетекчилиги коомго колдоо көрсөтүп, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан көптөгөн социалдык багыттагы долбоорлордун демилгечиси болуп келет.

2021

Анкета

Анкетаны толтуруп, биздин команданын бир бөлүгү болуңуз