0 800 000 7777 (КР боюнча чалуу акысыз)

Компания жөнүндө

М Булак Компаниясы-бул дасыккан иш билги жетекчиликтин алдында жигердүү, көздөгөнүнөн кайтпаган тилектеш адамдардын жамаатынын бай тарыхы. Бүгүнкү күндө М Булак-бул жаңы максаттарга, жаңы көз карашка ээ, кардарлардын ыңгайлуулугу менен жайлуулугун көздөгөн, заманбап ыкмаларды колдонгон жана М Булак аттуу заманбап аталышка ээ микрофинансылык уюм. Биздин кызматкерлер-бул кардарлар жана финансы менен үзүрлүү, натыйжалуу иштей билген жогорку кесипкөйлөрдүн командасы. Биз кардарларыбыздын кыялын орундатып, пландарын ишке ашыруусуна финансылык колдоо көрсөтөбүз. М Булак Компаниясы -бул жеке ишкердик демилгелерди колдоодо жана турмуш-тиричилик маселелерин чечүүдө ишенимдүү өнөктөш. Ар бир адамга финансылык бакыт-М Булак компаниясынын жаңы, заманбап урааны, эмгегинин маани-маңызы.

Көз караш

М Булак – бул бизнести өнүктүрүүнүн, жыргалчылыкты жогорулатуунун жана экономикалык өнүгүүнүн жемиштүү жана жагымдуу экосистемасынын жүрөгү.

Миссия

М Булак компаниясы – Биз ар бир адам үчүн финансылык бакубаттуулук жаратабыз.

Баалулуктар

Кардарыбыз тапса, биз табабыз. Биздин лоялдуулук кардардын лоялдуулугун жаратат;

Башкалардын максималдуу стандарттары - биздин минималдуу стандарттарыбыз;

Биз иштеп жаткан мамлекеттин экономикасын өнүктүрөбүз;

Биз ишкерлерге кызмат кылган ишкерлербиз жана үй-бүлөлөргө кызмат кылган үй-бүлөбүз;

Биз кардарлар менен түбөлүк биргебиз, алардын суктануусуна чек жок;

Амбициялар

Биздин үй-бүлө-кардарлар кийинки муундардын ийгилигин арттырат.

Биздин ишкер-кардарлар – өлкөдөгү эң ийгиликтүү бизнес ээлери.

Мамлекет биздин экономиканы өнүктүрүүгө кошкон салымыбызды жогору баалайт