0 800 000 7777 (КР боюнча чалуу акысыз)
Дүйшөмбү | 06.04.2020

Бизнесиңиз чектөөлөрдөн улам жабыркаган болсо эмне кылуу керек?

Эгер Сиздин ишмердүүлүгүңүз коронавирусту алдын алуу боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын чектөөлөрүнөн улам жапа чексе, Сизди тейлеген кеңсеге арыз менен кайрылсаңыз болот.

Аны төмөндөгү жолдор менен аткара аласыз:

  1. Сизди тейлеген адис менен телефон аркылуу байланышыңыз.
  2. (+996)779005781 What’s app номерине аты-жөнүңүздү (паспорт боюнча) жана телефон номериңизди “Көйгөйдү чечүүгө көмөк көрсөтүү” деген текст менен билдирме жибериңиз.
  3. chynzhurokton@molbulak.kg электрондук кат дарегине “Көйгөйдү чечүүгө көмөк көрсөтүү” деген текст менен кат жөнөтүңүз. Ар бир кайрылуу сөзсүз  индивидуалдык түрдө каралат.