0 800 000 7777 (КР боюнча чалуу акысыз)
Дүйшөмбү | 04.04.2022

Бишкек шаарында окуучулар арасында шахмат боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты болуп өттү

Бишкекте мектеп окуучулары арасында шахмат боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өтүп, анда М Булак компаниясы турнирдин башкы демөөрчүсү болду. Чемпионатка Кыргызстандын бардык 7 облусунан 470 мектеп окуучусу катышты.

Компания көп жылдардан бери өсүп келе жаткан муунга колдоо көрсөтүп, акыл-эс спортун жайылтуу менен өлкөнүн маданиятынын деңгээлин көтөрүүнү жактап келет.

М Булак компаниясы бардык жеңүүчүлөрдү жана байге ээлерин куттуктайт жана аларга мындан аркы жеңиштерди каалайт!