0 800 000 7777 (КР боюнча чалуу акысыз)
Шейшемби | 08.04.2025

"М Булак" командасы 2025-жылдагы Кыргызстан банктар Кубогунун IV шахмат турниринин жеңүүчүсү!

Новость

2025-жылдын 5-апрелинде Кыргызстандагы финансы-кредит уюмдарынын кызматкерлери арасында IV шахмат турнири өттү.
Акыл таймашындагы курч атаандаштыкта "М Булак" командасы 1-орунду татыктуу ээледи.

Команда мүчөлөрү:
-  Каримов Отабек
-  Муканов Талант
-  Мавлянов Сагындык
-  Кошматов Бекулан

Бул турнир кесиптик байланыштарды чыңдоого, тажрыйба алмашууга жана шахмат оюнун финансы тармагындагы кызматкерлер арасында жайылтууга сонун мүмкүнчүлүк болду.

"М Булак" командасы экинчи жыл катары менен мыкты жыйынтык көрсөтүп биринчи орунду ээлеп келе жатат — 7 турда 7 жеңиш!
Командалык эсепте биз өзүбүздүн жогорку деңгээлибизди жана биримдигибизди ишенимдүү тастыктап, бир дагы командадан кем калган жокпуз.

Кесиптештерибизди бул татыктуу жеңиш менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Жетишкендиктерде токтоп калбастан, ар дайым алдыга умтулуп, жаңы бийиктиктерди багынта бериңиздер. Бул жеңиш акыркы болбой, ийгиликтин башталышы болсун!
Сиздер менен сыймыктанабыз жана эмгегиңиздер үчүн ыраазычылык билдиребиз!