0 800 000 7777 (КР боюнча чалуу акысыз)
Дүйшөмбү | 24.10.2022

Быйылкы күздө көптөн бери күткөн спорттук иш-чаралардын бири – “М Булак Күз Деми 2022” эл аралык марафону болуп өттү!

Ошентип, быйылкы күздө көптөн бери күткөн спорттук иш-чаралардын бири  “М Булак Күз Деми 2022” эл аралык марафону болуп өттү! Бардык жөө күлүктөрдү бириктирген жана өзүңдү сынап көрүү мүмкүнчүлүгүн ачкан марафон!  Аба ырайынын салкындыгына карабай,  5, 10, 21,1 жана 42,2 км аралыкка  жарышуу бир нече миң катышуучуну чогултту! Бул күн жагымдуу окуялар менен шыктанууга толгон жана жаркын эмоцияларга бай күндөрдөн болду. Дал ушундай окуялар энергия топтоого, бирдиктүү идея менен биригүүгө, унутулгус таасирлерди алууга, алдыга жаңы максаттарды коюуга жана улуу спорт майрамынын бир бөлүгү болууга мүмкүндүк берет! Марафондон ар кимиси жеңиш менен, өздөрүнүн жеке жеңиши менен кайтышты. 
Биз үчүн, М Булакта, спорт корпоративдик социалдык жоопкерчиликтин эң артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат, анткени бул дени сак, жигердүү, заманбап коомду куруунун маанилүү элементи жана өнүккөн өлкөнү түзүүнүн негиздеринин бири.

Баарыңыздарга ден соолук жана спорт каалайбыз!