0 800 000 7777 (КР боюнча чалуу акысыз)
Шаршемби | 18.09.2024

М Булак маалымдайт

«М Булак» МКК ЖЧК, микрофинансылоо боюнча алдыңкы компаниялардын бири катары, учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан компанияда текшерүү жүргүзүлүп жатканын тастыктайт. Биз мамлекеттик органдардын аракеттерин толук колдойбуз жана текшерүүнүн бардык этаптарында кызматташууга даярбыз.

Компания ар дайым ачыктыктын, айкындуулуктун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоонун принциптерин карманат. Биз процедураны мыйзам чегинде бүтүрүү үчүн бардык зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды берүүгө даярбыз.

Бул учурда түшүнүү жана колдоо көрсөткөн бардык өнөктөштөрүбүзгө, кардарларыбызга жана кызматкерлерибизге терең ыраазычылык билдиребиз. Биз үчүн ишенимдин жогорку деңгээлин сактоо жана бардык укуктук нормаларды сактоого болгон берилгендигибизди ырастоо өтө маанилүү.