0 800 000 7777 (КР боюнча чалуу акысыз)
Жекшемби | 05.07.2020

М Булак компаниясы Кыргызстанда медициналык кызматкерлердин майрамы менен куттуктайт!

Бүгүн Кыргызстанда медициналык кызматкерлердин майрамы белгиленет.
Бул майрам биздин ден соолугубуз жана бакубаттуулугубуз үчүн күн-түн дебей эмгектенген медициналык кызматкерлерге дагы бир жолу ыраазычылык билдирүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк тартуулайт.
Бул күнү Сиздерге чың ден соолук, күч-кубат жана сабырдуулук каалайбыз. Ар бир жумуш күнүңүз профессионалдык өнүгүүгө алып келип, эмгегиңиз татыктуу баалансын! . Бардык медициналык кызматкерлерге чын жүрөктөн терең ыраазычылык билдирүүнү менен алардын эмгегин баалап, сыйлоого жана колдоого чакырабыз!
Урматыбыз менен,
М Булак компаниясы