0 800 000 7777 (КР боюнча чалуу акысыз)
Шаршемби | 13.05.2020

М Булак компаниясынан Кыргызстандагы медицина кызматкерлерин колдоо программасы

Азыркы оор кырдаалда вирустун жайылышына байланыштуу күн-түн дебей адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн өзүнүн ден-соолугун тобокелге салып, талыкпай күрөшүп жаткан бардык саламаттык сактоо кызматкерлери үчүн максималдуу түрдө колдоо көрсөтүү зарыл. М Булак компаниясынын медициналык кызматкерлерге колдоо көрсөтүү долбоору аяктап, анын алкагында М Булак компаниясы өлкө боюнча 1270 медицина кызматкерине коргонуучу каражаттар менен азык-түлүк менен жардам берүү үчүн 3 340 000 сом бөлдү. 1270 кызматкерге атайын кийими, 1270 респиратордук маскалар жана 1270 литр антисептик сатылып алынып, ооруканаларга өткөрүлүп берилди.

Ошондой эле компания 1269 медициналык кызматкердин үй-бүлөсүн керектүү азык-түлүк менен камсыз кылды.

Биз бардык медициналык кызматкерлерге терең ыраазычылык билдиребиз жана алардын эмгегин баалоого жана урматтоого чакырабыз!