0 800 000 7777 (КР боюнча чалуу акысыз)
Шаршемби | 06.05.2020

М Булактан "Жашоо үчүн азык-түлүк" программасы

“М Булак” компаниясынын 2000 миң адамдын/үй-бүлөнүн азык-түлүгүнө ылайыкталган 2 млн 850 миң рубль суммасындагы биринчи программасы жыйынтыкталып жатат.

 

Компания мындан сырткары мигранттарга азык-түлүк жана медикаменттерди жеткирип берүү үчүн “НУР” тажик уюмуна жана “Саховат” өзбек кайрымдуулук борборуна 3 млн 440 миң өлчөмүндөгү акча каражатын бөлүп берди.

 

Бүгүн болсо “Жашоо үчүн азык-түлүк” аттуу кезектеги программаны ишке киргизгени турабыз. Компаниянын жана кызматкерлердин атынан 7 млн рубль биздин Россиядагы Орто Азиядан барган эмгек мигранттарына, бир туугандарга бөлүнүп берилмекчи.

 

Бул программа “ЗАКЯТ” кайрымдуулук фонду www.zakatfund.ru жана аны негиздеген Россиядагы мусулмандардын дин башкармалыгы (ДУМ РФ) менен биргеликте ишке ашырылмакчы.

Бул сумма болжолдуу түрдө дагы 4-5 миң үй-бүлөгө жардам берүүгө жетет.

Сиз дагы бизге кошулуп, бул долбоорду колдоп, чогуу жардам берүүңүздү өтүнөбүз.

Акча каражаттарын которуу үчүн, zakatfund.ru сайтына кирип, “Пожертвовать” бөлүмүндөгү “Пришло время помочь мигрантам!” долбооруна өз салымыңызды кошуңуз.

Биздин компаниянын жүздөгөн кызматкерлери “ЗАКЯТ” фондунун ыктыярчылары менен биргеликте муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүктөрдү жеткирип беришет.