Шаршемби | 29.04.2020
Эмгек мигранттарынын үй-бүлөлөрүнө азык-түлүк
М Булак компаниясы Россияда эмгектенип, бирок убактылуу кыйынчылыктарга туш болгон, үй-бүлөдөгү жалгыз камсыздоочу болуп саналган мигранттардын Кыргызстанда жашаган үй-бүлөлөрүнө 1 338 000 сом өлчөмүндө каражат бөлүп берди.
Бул болсо 1115 үй-бүлөнү керектүү азык-түлүк менен камсыздоого жетти. Биздин эмгек мигранттары-бул чыныгы баатырлар.Алар өз алдынча эң жакшы мүмкүнчүлүктөрдү издешип, үй-бүлөсүнүн, Кыргызстандын жана Россиянын жыргалчылыгы үчүн эмгектенишүүдө!
Бириксек колубуздан келет!