0 800 000 7777 (КР боюнча чалуу акысыз)

Mol Bulak Ala-Archa Ethno Run тоого чуркоо жарышы

  1. Долбоордун максаты: Калк арасында спортту пропагандалоо
  2. Шаар: Бишкек
  3. Камтуу: Миңден ашуун адам
  4. Жыйынтыктар: 1000ден ашуун адам жарышка катышты, 100дөн ашык адам биздин кызматкерлер. Ошондой эле, көзү азиздер Федерациясынын өкүлдөрү да катышты.

Долбоор жөнүндө

M Bulak Ala-Archa Ethno Run Массалык тоого чуркоо жарышы экинчи ирет М Булак компаниясынын колдоосу менен болуп өтту. М Булак компаниясынын Башкы директору Бабур Тольбаев ачылыш салтанатында сөз сүйлөдү. Ал көп убакыт бою чуркап, өзүнүн үлгүсү менен элди чуркоого үндөп келгени баарына белгилүү. Ал катышуучуларга кеп-кеңешин жана колдоо сөздөрүн айтты. Бабур Тольбаев катышуучуларды бул чуркоого өзгөчө маани берүүгө чакырды. Марафонго 1000ден ашуун адам катышты, алардын ичинен 100дөн ашыгы - М Булак компаниясынын кызматкерлери.Ошондой эле аталган марафондо көзү азиздердин Федерациясынын өкүлдөрү да катышты. Компаниянын Башкы директорунун жана бир нече кызматкерлеринин маанилүү милдеттеринин бири болуп жарыштын 10 көзү азиз катышуучуларын коштоп жүрүүсү болду. Марафондун башкы максаттарынын бири бул мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жарышка катышуусунун ыңгайлуулугун жана баары менен тең шарттарда дистанцияны чуркап өтүүсүн камсыздоо болду.