0 800 000 7777 (КР боюнча чалуу акысыз)
Бейшемби | 07.09.2023

Балдар лигасынын финалы 2023 жыл.

ДАФ коомдук фонду, МБулак компаниясынын каржылык колдоосу менен Кыргызстандын балдар командалары арасында турнир өткөрдү. Балдар лигасынын финалы Ысык-Көлдүн жээгинде, күнөстүү Солемар пансионатында өттү.☀️
Тандоодо 50 команда катышып, анын ичинен 6 команда финалга жолдомо алышты:
Куршаб 
Шамалдысай
Кант
Түп
Покровка(Талас)
 Андарак айылы
Баткен
Ал эми мелдештин финалында КУРШАБ командасы жеңүүчү болду  🥳
Ал эми мелдештин финалында КУРШАБ командасы жеңүүчү болду  
Ошондой эле сыйлоо учурунда жаш футболчуларга «Мыкты коргоочу», 
 «Мыкты чабуулчу», «Мыкты оюнчу» жана
"Мыкты дарбазачы" номинациялары боюнча заманбап смартфондор тапшырылды.
Ошону менен катар жайкы кубоктун катышуучулары арасында шахмат боюнча турнир өткөрүлүп, байгелүү орундарга ээ болгон балдарга сыйлыктар ыйгарылды.

МБулак компаниясы Кыргызстанда балдар футболунун өнүгүшүн колдойт. Балдар спортун колдоонун негизги максаттарынын бири, балдарды футболго болгон сүйүүгө жана сергек жашоо образына тарбиялоо болуп саналат. Ошентип, МБулак өсүп келе жаткан муунга камкордук көрөт– анткени сергек жашоо образын кабыл алуунун негизи дал ушул бала кезден түптөлөт эмеспи.😇