0 800 000 7777 (КР боюнча чалуу акысыз)
Шаршемби | 22.05.2024

Кыргызстандык эксперт, МКК «МБулак» ЖЧКсынын Шариат Кеңешинин мүчөсүнүн исламдык каржылоого кошкон салымы Кыргызстанда, Россияда жана Бахрейн Королдугунда жогору бааланды

Кыргызстандык эксперттин исламдык каржылоо боюнча салымы Кыргызстандагы, Россиядагы жана Бахрейн Королдугундагы алдыңкы жана абройлуу уюм болгон ислам каржы институттарынын бухгалтердик эсеп жана аудит уюму (AAOIFI, Бахрейн Королдугу) тарабынан жогору бааланды.


«Сарахси» Эл аралык Ислам Каржы изилдөө Академиясынын президенти, «М Булак» Шариат Кеңешинин мүчөсү Абдурашид Устаз Жораев (PhD АДВ) Россия Федерациясынын Президентинин Кеңешчиси А.Кобяковдун чакыруусу боюнча, банктардын, каржылык институттардын өкүлдөрү жана Россиянын мамлекеттик жогорку кызмат адамдары, ошондой эле Россия Федерациясынын Борбордук Банкынын өкүлдөрү үчүн окутуу жана мастер-класс өткөрдү. Иш-чара Казань шаарында 14-майдан 19-майга чейин өткөн “Россия - Ислам дүйнөсү: KazanForum” XV Эл аралык экономикалык форумунун алкагында өттү.


Форумдун катышуучулары AAOIFI комитетинин Борбордук Азиядан жалгыз мүчөсү болгон Абдурашид Устаздын терең билими жана кеңири практикалык тажрыйбасы менен таанышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк алышты.


Иш-чаранын соңунда эл аралык форумдун уюштуруу комитетинин жетекчилиги жана Россия Федерациясынын Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Уламалар Кеңеши тарабынан Абдурашит устазга, көп жылдык эмгеги жана исламдык каржылоону эл аралык деңгээлде өнүктүрүү жана жайылтуудагы зор салымы үчүн өзгөчө ыраазычылык ыйгарылды.
Ислам каржы институттарынын бухгалтердик эсеп жана аудит уюму (AAOIFI, Бахрейн Королдугу) дагыАбдурашид Устазга кесипкөйлүгү жана узак мөөнөттүү жетишкендиктери үчүн ыраазычылык билдирди. AAOIFI дүйнөлүк деңгээлде исламдык каржылоонун ар кандай тармагында, аны менен узак мөөнөттүү жана жемиштүү кызматташууга үмүттөнөт.


Кошумчалай кетсек, Абдурашид Устаздын Кыргызстандагы ислам каржы индустриясын өнүктүрүүгө кошкон салымы, бул иш-чарага бир жума калганда Кыргызстан банктар Союзу тарабынан белгиленген.