0 800 000 7777 (КР боюнча чалуу акысыз)
Шаршемби | 30.09.2020

Кесиптештерибизди банк аралык турнирдеги жеңиши менен куттуктайбыз!

Караколдо Ысык-Көл региону аралык мини-футбол боюнча турнир болуп өттү. М Булак компаниясынын кызматкерлери бул турнирге чоң даярдык жана кубануу менен катышышты. Кесиптештерибиздин сөзү боюнча алардын көздөгөнү бир гана жеңиш болгон. Бул коюлган максат ишке ашырылып, М Булактын командасы биринчи орунду ээлешти. 

Кесиптештерибизди ийгиликке болгон умтулуусуна ыраазычылык билдиребиз жана жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!