0 800 000 7777 (КР боюнча чалуу акысыз)
Шейшемби | 15.09.2020

"50 000 программист" долбоору

Урматтуу достор, “М Булак” компаниясы Кыргызстандын программалык камсыздоону иштеп чыгуучулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн ассоциациясы (KAРПОУ) тарабынан демилгеленген жана ишке киргизилген онлайн-кесиптерди окутуу боюнча “50,000 программист” социалдык долбоорун колдоого алгандыгын кубануу менен кабарлайбыз. Долбоор ошондой эле Сорос-Кыргызстан Фонду, Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкынын (ЕРӨБ) кызматкерлеринин Коомдук Демилгеси жана башка адамдар тарабынан колдоого алынган. 
 
Долбоордун максаты - Кыргызстандын экономикасын колдоо максатында өлкөбүздөгү эмгекке жарамдуу курактагы жогорку мотивациялуу адамдарды жаңы жана суроо-талапка ээ кесиптерге, тактап айтканда IT адистиктерине жана башка чектеш онлайн адистиктерине окутуу,  пандемиянын кесепетинен жапа чеккен калктын аяр катмарына замандын талабына дал келген кесиптерге ээ болуу менен жашоого акча табуу мүмкүнчүлүгүн түзүү. Долбоордун алкагында 2020 - 2021-жылга карата 1000 адисти даярдап чыгуу пландаштырылууда. Ага 15 жаштан 60 жашка чейинки адамдардын бардыгы катыша алышат. 
 
Окутуу онлайн режиминде кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт, бул интернет бар Кыргызстандын каалаган жеринен билим алууга мүмкүнчүлүк берет. 
Окууну ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөр компанияларда, КАРПОУга мүчө компанияларда жана Жогорку технологиялар паркынын резиденттеринде жумуш табууга мүмкүнчүлүк алышат. 

Долбоор төмөнкү багыттар боюнча онлайн окутуудан өтүүнү сунуштайт: 
 
1. Программалоо тилдери: (төлөм толук курс үчүн) 
● Python -7 ай 3000 сом 
● PHP - 7 ай 3000 сом 
● Frontend development (Javascript & React JS) - 7 ай 3000 сом 
● Mobile Apps development - 7 ай 3000 сом 
● Software Quality assurance and tester - 4 ай 3000 сом 

2. Digital Marketing багыты боюнча интернет кесиптери: 
● SEO-специалист - 6-8 жума 2000 сом                     
● SMM-специалист - 6-8 жума 1500 сом 
● Графикалык дизайнер - 6-8 жума 1500 сом 
● UI/UX дизайнер -8 жума 2000 сом 

3. Үйрөнчүктөр үчүн курстар:  
● Компьютердик сабаттуулук 
● Программалоого киришүү / CS50 програмисттер үчүн баштапкы курс 
Сабактар онлайн платформада жумасына 3 жолу өтөт. Бир жумада бир жолу онлайн баарлашуу болот. 
Сабактар үчүн төмөнкү талаптарга жооп берген жеке компьютер же ноутбук керек:  
-ОЗУ 4 Гб же ОС Linux 4 Гб (мобилдик иштеп чыгуу үчүн 8 Гб тан жогору); 
-64-бит системасы; 
-i3 төн жогору 2 өзөктүү процессор. 

Катышуучуларга болгон башкы талаптар: 
-интернет байланышы 
-замандын талабына дал келген кесиптерге ээ болуу менен жашоого акча табуу мотивациясы бар адамдар. 

Окууну ийгиликтүү аяктаган катышуучуларга төлөм кайра кайтарылып берилет. Долбоорго катталуу үчүн “М Булактын” адисине кайрылууңуз зарыл. Катталуу мөөнөтү 2020-жылдын 20-сентябрына чейин. 
Замандын жаңы шарттарында жашоону үйрөнүүгө мезгил келип жетти!