0 800 000 7777 (КР боюнча чалуу акысыз)
Дүйшөмбү | 07.06.2021

М Булак 2021 Балдар футбол лигасынын жайкы фестивалы Ысык-Көлдө старт алды!

М Булак 2021 Балдар футбол лигасынын жайкы фестивалы Ысык-Көлдө старт алды! Өлкөдө спортту жана дене тарбияны өнүктүрүүгө багытталган бул масштабдуу иш-чара компания тарабынан экинчи жолу өткөрүлүп жатат! Балдар биздин келечегибиз, алардын талантын өркүндөтүү, ошондой эле жаркын келечекти куруп берүү - бул биздин милдет!
Бүгүнкү күндө фестивалдын алкагында алгачкы беттештер өтүп жатат. Жаш футболчулардын жанган көздөрүнө, атаандаштыктын демине, беттештердин кызуу жүрүшүнө күбө болуп, биз бул фестиваль балдар үчүн чыныгы майрам болуп калгандыгын түшүндүк!
Фестивалдын баш байгеси үчүн Кыргызстандын бардык аймактарынан 7 команда ат салышууда. Алар:
- Өзгөрүш, "Камыш-Башы" командасы
- Гүлчө, "Алай Датка" командасы
- Бекабад, "Энергия" командасы
- Бакай-Ата, "Бакай-Ата" командасы
- Бүргөндү, "Тайбас" командасы
- Беловодск, "Беловодск" командасы
- Арка, "Жаңы Жер Юнайтед" командасы
Фестивалдын финалы 10-июнда өтөт.
М Булак көптөгөн жылдардан бери өлкөдө маданиятты жана спортту өнүктүрүүгө байланыштуу жаштардын ар кандай демилгелерин колдоп келет. Катышуучуларга албан ийгилик каалайбыз! Командалардын эң күчтүүсү жеңишке жетсин!