0 800 000 7777 (КР боюнча чалуу акысыз)
Шаршемби | 12.05.2021

М Булак компаниясы Баткен окуясында жабыр тарткандарга жардам көрсөттү

Рамазан ыйык айында биздин мекенибиз жашы, карысы дебей өмүрүн алган каргашалуу күнгө туш болду. Бул күнү Баткен окуясында шейит кенкен жана жабыр тарткандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңул айтабыз. М Булак компаниясы, өз учурунда, жабыркаган мекендештерибизге колдоо көрсөтүп,  110 дон ашык кардардын 3 312 109 сом өлчөмүндөгү насыяларын жойду. Ошондой эле, каза тапкан ар бир жарандын үй-бүлөсүнө компания тарабынан 25 000 сомдон, ал эми жаракат алган мекендештерибизге 10 000 сомдон жана дары-дармек түрүндө жардам көрсөтүлдү. Материалдык жардамдын жалпы суммасы 2 355 000 сомду түздү. Мекенибизди коргоого жанын жана күчүн аябаган аскер кызматчыларына жана карапайым элибизге таазим этебиз. Элибиздин бул эрдиги эч качан унутулбайт. Биздин атуулдарыбыздын өмүрү баасыз. Бизге биримдик жана тынчтык керек!