0 800 000 7777 (КР боюнча чалуу акысыз)
Шаршемби | 22.04.2020

М Булак компаниясы мекендештерге колдоо көрсөтүүнү улантат

М Булак компаниясы өлкөдөгү жана дүйнөдөгү түзүлгөн кырдаалдан улам оор финансылык абалга кабылгандарга колдоо көрсөтүүнү улантууда.
.
Муктаж үй-бүлөлөргө түздөн-түз жардам берүүдөн тышкары, биздин компания Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигин колдоого 1 000 000 сом бөлгөн. Ошондой эле, азыркы учурда кайрымдуулук иш-чараларын жүргүзгөн коомдук ишмерлерге колдоо көрсөтүп жатат. Алардын ичинде таанымал теле алып баруучу жана коомдук ишмер - Ассоль Молдокматова жана Mc Doncha блогери бар.

Ассоль Молдокматовага М Булак компаниясы 2 тонна күрүч жана 2 тонна май сатып алган, алар кийин Ысык-Көл облусунун бардык муктаж үй-бүлөлөрүнө бөлүнүп берилди.

Ошондой эле М Булак компаниясынын колдоосу менен Данияр Токтомаметов (Мс Doncha) дагы 200 үй-бүлөгө азык-түлүк менен жардам берди.

М Булак компаниясы мекендештерге ар тараптан колдоо көрсөтүүнү мындан ары да улантат жана бардык кыргызстандыктарды өзүнүн жакындарына, досторуна, коңшуларына, жадакалса бейтааныш адамдарга колдон келген жардамын берүүгө чакырат! Четте калбаңыздар! Бул кырдаалды биз бирге гана жеңе алабыз!