0 800 000 7777 (КР боюнча чалуу акысыз)
Жекшемби | 10.09.2023

МБулак 2023 Менеджерлердин слету.

6-сентябрдан 8-сентябрга чейин биздин компания үчүн абдан маанилүү иш-чара болуп өттү – МБулак 2023 Менеджерлердин слету.
Ага Кыргызстандан 120дан ашык менеджерлер катышышты.
Үч күн бою алар өздөрүнүн квалификациясын жогорулатуу боюнча тренингдерге катышып, ошондой эле Компаниянын лидери Бабур Тольбаевден жана башкармалыктын мүчөлөрүнөн жагымдуу энергия жана жаңы идеяларды алышты.
Биздин слет  Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын оркестринин катышуусундагы жаркын майрамдык сый-тамак менен аяктады.
МБулак компаниясынын ар бир кызматкерине, сиздердин эмгегиңиздер жана жалпы ишке кошкон салымыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз. Кесипкөйлүк жана натыйжаларга умтулуу биздин команданы чындап эле өзгөчө кылат.