0 800 000 7777 (КР боюнча чалуу акысыз)
Дүйшөмбү | 10.01.2022

Компаниянын мыкты кызматкерлеринин ар жылкы слёту

Ар бир жаңы жыл Кыргызстан, Россия , Азербайжан өлкөлөрүнөн келген М Булак компаниясынын мыкты кызматкерлеринин корпоративдик слёту менен башталат. Быйылкы жылы кызматкерлерибизге меймандос жана ынтымактуу Өзбекстандын эшиги ачылды. Жумушчу сессиялар, тренингдер, Ташкент менен Бухарадагы экскурсиялар, театралдаштырылган көрсөтүүлөр, укмуштуудай чыгыш даамдары жана, албетте, бактылуу адамдар - бул M Булак компаниясынын ийгиликтүү эл аралык слётунун жөнөкөй рецепти. Бул унутулгус иш-чараны мыкты деңгээлде өткөрүү үчүн болгон аракетин жумшаган ар бир адамга терең ыраазычылык билдиребиз.