0 800 000 7777 (КР боюнча чалуу акысыз)
Дүйшөмбү | 04.10.2021

Компания М Булак стала генеральным спонсором открытого турнира по быстрым шахматам, который прошёл 3 октября в г. Жалал-Абад.

«М Булак» компаниясы Кыргызстанда ар кандай спорттук багыттарды өнүктүрүү идеясын ар тараптуу колдойт. Бул жолу биздин компания 3 -октябрда Жалал-Абадда өткөн шахмат боюнча ачык турнирдин башкы демөөрчүсү болду.

Турнир эркектер жана аялдар, ошондой эле 8,10,12,14 жаштагы балдар арасында өткөрүлдү.
Турнирге Жалал -Абад, Чүй, Баткен жана Ош облустарынын командалары катышты. Калыстар ФИДЕнин калыстары Александр Морозов менен Даниал Абдивалиев болушту. Жеңүүчүлөргө кубок, медаль, грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Чоңдор арасында жеңишке Ош командасы жетишсе, 2 -орунду Чүй, 3-орунду Баткен облусунун командасы ээледи.

Кыргызстанда шахматтын активдүүлүгүн өнүктүрүүгө кошкон бул салым биз үчүн абдан маанилүү жана биз мындай иш-чараларды колдоону улантабыз.

«М Булак» компаниясы турнирдин жеңүүчүлөрүн чын жүрөктөн куттуктайт жана аларга мындан аркы ийгиликтерди каалайт!