0 800 000 7777 (КР боюнча чалуу акысыз)
Жума | 15.05.2020

М Булак компаниясынын Кыргызстанда жана Россияда COVID-19 га каршы күрөшкө болгон салымы

М Булак компаниясы кризистен чыгуу үчүн Кыргызстанда 26 000 000 сом, Россияда 10 500 000 сом бөлдү. Анын ичинен 12 880 000 сом COVID-19 вирусун диагностикалоо үчүн жабдууларды жана медициналык кызматкерлерине жеке сактануу каражаттарын алууга Бонецкий Лабораториясына берилди. Бонецкий Лабораториясына Саламаттыкты сактоо министрилинин багыттоосу менен ИИМнин жана Коргоо министрлигинин кызматкерлерине акысыз анализ жасоо үчүн тесттерди сатып алууга — 8 000 000 сом. Мигранттардын үй-бүлөлөрүнө жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык түлүк — 9 679 780 сом. Медицина кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүү — 3 443 388 сом. Башка социалдык демилгелерге — 62 000. М Булак компаниясынын Россияда COVID-19га каршы күрөшкө кошкон салымы 10 500 000 сом. Ал каражат Россиядагы Тажикистан, Өзбекистан жана Кыргызстандан барган мигранттарды колдоого багытталды.