0 800 000 7777 (КР боюнча чалуу акысыз)
Жума | 03.04.2020

Биз бул оор кырдаалды бирге жеңебиз!

М Булак компаниясы бул оор мезгилде мекендештерди четте калбай, өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдын киргизилишине байланыштуу оор абалга кабылган адамдарга жардам берүүгө чакырат.

Жума башынан бери биздин кызматкерлер бүткүл Кыргызстан боюнча азык-түлүккө муктаж мекендештерди аныктоо иштерин жүргүзүп жатышат. Бул убакыттын ичинде биз жардамга муктаж болгон 2 768 үй-бүлөнү таптык. Ар бир ушундай үй-бүлөгө М Булак компаниясы зарыл азык-түлүк товарларын сатып алуу үчүн 1200 сом бөлдү. Бөлүнгөн каражаттын жалпы суммасы 3 321 600 сомду түздү. Кечээ күнү компаниянын кызматкерлери азык-түлүк баштыктарын биринчи үй-бүлөлөргө жеткиришти. Азыркы учурда биз мекендештерибизге азык-түлүктөрдү жеткирүүнү улантуудабыз жана бул кайрымдуулук акциясын улантууну пландаштыруудабыз.

М Булак компаниясы бардык ири компанияларды, ошондой эле кайдыгер эмес адамдарды бул акцияга кошулууга жана муктаж болгон мекендештерге колдон келген жардамын берүүгө чакырат. Биз бул татаал кырдаалды биргеликте гана жеңе алабыз!