0 800 000 7777 (КР боюнча чалуу акысыз)
Бейшемби | 26.11.2020

Көңул буруңуздар! Маанилүү жаңылык!

Урматтуу кардарлар,
 
2020-жылдын 13-ноябрындагы №552 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык оор экономикалык абалга дуушар болгон зайымчыларды мамлекет тарабынан колдоо максатында насыялар боюнча пайыздардын төлөмүнөн бошотуу сунушталганы тууралуу кабарлайбыз.
2020-жылдын 1-октябрына чейин 100 000 сомдон ашпаган насыя алган кардарлар 2020-жылдын декабрына жана 2021-жылдын январь-февраль айларына карата пайыздарды төлөөдөн бошотулат.
Эгерде насыяңыз бирден ашык болсо, бир эле насыянын пайыздары боюнча төлөмдөрдөн бошотуласыз.
Пайыздар боюнча төлөмдөрдөн бошотуу үчүн кардарлардын реестрине катталуу үчүн “М Булак” компаниясынын кеңселерине 2020-жылдын 5-декабрына чейин арыз жазып кайрылууңуз зарыл.