0 800 000 7777 (КР боюнча чалуу акысыз)
Бейшемби | 11.03.2021

М Булак компаниясы Кыргызстанда спорттун өнүгүүсүн ар дайым колдоп келет

“М Булак” компаниясы Кыргызстандын ар кандай спорттук багыттарынын өнүгүгүүсүн сөз менен гана эмес, иш жүзүндө да колдоп келет!
Февраль айынын аягында биздин компания шахмат боюнча Кыргыз Республикасынын Чемпионатынын башкы демөөрчүсү болду. Бул иш-чара өлкөдөгү шахматтын өнүгүшүндөгү маанилүү кадам болуп саналат, анткени ага республиканын бардык аймактарынан келген күчтүү шахматчылар катышты. Кыргызстанда шахматты өнүктүрүүгө кошкон бул салым биз үчүн абдан маанилүү жана биз мындан ары дагы мындай иш-чараларды колдой бермекчибиз.

5-мартта көптөн күткөн Жогорку Лиганын Чемпионатынын сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. "М Булак" Жогорку Лигасынын Кубогунун байге фонду 250 000 сомду түздү. Алгачкы 10 орунду алган катышуучуларга акчалай сыйлыктар тапшырылды.

“М Булак” компаниясы Кубоктун бардык жеңүүчүлөрүн сынактын ийгиликтүү аякташы менен куттуктайт жана мындан аркы жеңиштерди жана жаңы бийиктиктерди багынтууну каалайт!

Башкы демөөрчү: “М Булак” компаниясы
Башкы өнөктөш: "Шератон" мейманканасы
Медиа өнөктөш: АКИpress маалымат агенттиги
_________
Федерациянын расмий сайты: chesskg.org