Мобилдик кардиолог
- Долбоордун максаты: Адамдардын ден соолугун пландуу текшерүүлөр жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу
- Шаар: Кыргызстан
- Камтуу: 16 калктуу конуш
- Жыйынтыктар: 16 калктуу конуштун тургундары акысыз кароодон өтүп, квалификациялуу дарыгерлердин консультациясын алышты
Долбоор жөнүндө
М Булак компаниясы "Мобилдик кардиолог" ири долбоорунун өнөктөшү болду. Бул масштабдуу марафондун алкагында КР СМнин " Жүрөк Хирургиясы жана Органдарды Трансплантациялоо ИИИнун" адистеринен жергиликтүү калк үчүн 16 адистештирилген акысыз кароо жана консультация пункттары Чүй жана Ысык-Көл облусттарында уюшулду. Бул маанилүү иш-чара жашоочулардын жүрөк-кан тамыр оорулары көйгөйүнө көңүл буруусуна багытталган. Бүгүнкү күндө жүрөк-кан тамыр ооруларынан улам өлүм биздин өлкө үчүн эң актуалдуу көйгөйлөрдүң бири болуп саналат жана бардык өлүмдөрдүн 50,1% ын түзөт.М Булак компаниясы транспорт менен камсыздоо жана изилдөө үчүн орундарды уюштуруу боюнча долбоорго кубануу менен колдоо көрсөткөн. М Булактын кээ бир бөлүмдөрү жарандарды кабыл алуу пункттары катары кызмат кылган."Мобилдик кардиологдун" демилгечилери:Турдубаев Абай - кардиохирург-аритмолог, КР СМнин " Жүрөк Хирургиясы жана Органдарды Трансплантациялоо ИИИнун" рентгенэндоваскулярдык хирургия бөлүмүнүн башчысы.Джо Лабускахне - Кара – Балтадагы Билимкана мектебинин директору.1,5 жыл мурун Джо Лабускахне жүрөгүнүн иштешинде көйгөй пайда болуп, ага тахикардия диагнозун коюшкан. Бул дарттан ага КР СМнин " Жүрөк Хирургиясы жана Органдарды Трансплантациялоо ИИИнун" командасы жана Абай Турдубаев жасаган жүрөктү радиожыштык аблация процедурасы жардам берген.Бүгүн Джо өзүнүн ден соолугун калыбына келтирип, Кара-Балта шаарынан Чолпон-Атага чейин 316 км чуркаган, алдыда Караколго чейин дагы 146 км калды.
(КР боюнча чалуу акысыз)
Компанияда керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо процедурасы иштелип чыккан. Жол жобосу менен бул жерден тааныша аласыз.
М Булак” Микрокредиттик компаниясы” жоопкерчилиги чектелген коому. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2005-жылдын 14-апрелиндеги № 29 күбөлүгү