0 800 000 7777 (КР боюнча чалуу акысыз)

"Доордун адамдары" көргөзмөсү

  1. Долбоордун максаты: Биздин өлкөнүн искусствосуна жана тарыхына болгон кызыгууну арттыруу
  2. Шаар: Бишкек
  3. Камтуу: 150гө жакын адам жана ММК тарабынан чагылдыруу
  4. Жыйынтыктар: Көргөзмө медиа чөйрөсүндө кеңири тарап, кызыкдар аудиториянын көңүлүн бурду

Долбоор жөнүндө

М Булак "Доордун адамдары" көргөзмөсүнүн башкы демөөрчүсү болду. Доордун адамдары-бул Кыргызстандын эл сүрөтчүсү, академик Таалайбек Усубалиевтин долбоору. Мына 20 жылдан бери ал өз эмгеги үчүн эч кандай сый акы талап кылбастан, Улуттук сүрөт искусствосунун фонддорунун сүрөттөрүн жаңылап келет. Ал май жана темпера живописинин жогорку категориядагы алгачкы жана азыркыгы чейин жалгыз кыргыз реставратору. Чебер жылдар бою көргөзмөгө берилген сүрөттөр боюнча иштеген. Бардыгы болуп 55 көрүнүктүү инсандардын портреттери, алардын ичинде Курманжан Датка, Сүймөнкул Чокморов, Чыңгыз Айтматов, Бакен Кадыкеева, Мамбет Мамакеев жана башка көптөгөн атактуу ишмерлер. Баса, портреттердин саны кокустуктан 55 эмес, бул жылы сүрөтчү 55 жашка толуп жатат. Көргөзмөнүн ачылышында бир жарым миңге жакын адам катышты. Сүрөтчүгө сый урмат билдирип, анын эмгектеринин кооздугуна суктанган белгилүү киноишмерлер, акындар, артисттер жана спортчулар да келди. Алардын кээ бирлери өздөрүнүн порттерин көрүүгө келишкен.