0 800 000 7777 (КР боюнча чалуу акысыз)

Түштүк магистралдагы сейил бакта көчөттөрдү отургузуу

  1. Долбоордун максаты: Бишкекте жаңы сейил багын жашылдандыруу
  2. Шаар: Бишкек
  3. Камтуу: Түштүк магистралдагы үйлөрдүн жана шаардын тургундары
  4. Жыйынтыктар: 41 көчөт отургузулду

Долбоор жөнүндө

Түштүк Магистралы/ Тынчтык Проспектисинин кесилишиндеги жаңы "Ынтымак" сейил багында Башкы директор башында турган М Булак компаниясынын кызматкерлери ММ "ЗеленСтройдун" жетекчилигинин астында жөкө дарактын 41 көчөтүн отургузушту. Компаниянын башкы директору Бабур Тольбаев ишембиликти баштап, аллеянын башатында алгачкы көчөттү отургузду. Ар бир даракка анын аты жана "Элдин пайдасына" урааны илинди. Жөкө дарак - күн тийбеген жерде өсө алган, суукка чыдамдуу жана абанын булганышына туруктуу. Биздин коллектив отургузган көчөттөрдүн аллеясы компаниянын аталышынын биринчи тамгасынын формасын түзөт. Келечекте биздин кесиптештердин жана шаардыктардын урпактары сейил бакты аралап, отургузулган дарактардын көлөкөсүндө ырахаттанып эс ала алышат. Ар бир отургузулган көчөт - бул биздин балдарыбыздын жана неберелерибиздин келечегине кошкон салымыбыз.Биз мындай долбоорлорду кубануу менен колдойбуз жана "жашыл шаар" деген атына карадан ээ болуп жатканына күбөбүз. Биздин балдарыбыз абасы таза жана көлөкөлүү сейил багында сейилдей алышат. Отургузулган дарактар көп жашап, шаар тургундарын далайга кубантат деп ишенебиз.