Компания жөнүндө

М Булак Компаниясы-бул дасыккан иш билги жетекчиликтин алдында жигердүү, көздөгөнүнөн кайтпаган тилектеш адамдардын жамаатынын бай тарыхы. Бүгүнкү күндө М Булак-бул жаңы максаттарга, жаңы көз карашка ээ, кардарлардын ыңгайлуулугу менен жайлуулугун көздөгөн, заманбап ыкмаларды колдонгон жана М Булак аттуу заманбап аталышка ээ микрофинансылык уюм. Биздин кызматкерлер-бул кардарлар жана финансы менен үзүрлүү, натыйжалуу иштей билген жогорку кесипкөйлөрдүн командасы. Биз кардарларыбыздын кыялын орундатып, пландарын ишке ашыруусуна финансылык колдоо көрсөтөбүз. М Булак Компаниясы -бул жеке ишкердик демилгелерди колдоодо жана турмуш-тиричилик маселелерин чечүүдө ишенимдүү өнөктөш. Ар бир адамга финансылык бакыт-М Булак компаниясынын жаңы, заманбап урааны, эмгегинин маани-маңызы.
Тарых
Көз караш
М Булак компаниясы - жеке бизнесиңиз менен бакубаттуулугуңузду арттырууда сиздин ишенимдүү өнөктөшүңүз. 12 жылдан ашык убакыттан бери тынымсыз туруктуу өнүгүүгө ээ ийгиликтүү микрофинансылык компания. М Булактын визиттик карточкасы - бул ар бир кардардын өнүгүп-өсүшүнө арналган ыңгайлуу жана жеткиликтүү колдоо, тейлөөгө дыкат мамиле кылуу, ошондой эле корпоративдик-социалдык жоопкерчиликтин жогорку деңгээли.
2023-жылга М Булак компаниясы - Кыргызстандын бүткүл аймактары боюнча 500 000ден ашык жаранды ийгиликтүү тейлеген, жогорку натыйжалуулукка ээ жана ислам каржылоо принциптерин колдонгон алдыңкы финансылык уюм. Тейлөө сапаты, адистеринин кесипкөйлүгү, социалдык пайда алып келүүчүлүгү, продуктулар менен кызмат көрсөтүүлөрдү баалоо боюнча чакан жана орто бизнес ишкерлери М Булакты “№1- Тандоо” деп эсептешет”.
Идеяларын ар дайым колдоп, кеп-кеңеш жана финансылык жактан колдоону камсыз кылган М Булак менен өнөктөштүктүн натыйжасында биз кардарларыбызды өзүнө жана жаркын келечегине терең ишенишерине күмөн санабайбыз .
Миссия
М Булак компаниясынын миссиясы - кардарлардын бакубаттулугун, өлкөнүн өнүгүшүн арттыруу максатында жеткиликтүү жана кесипкөй финансы кызматтарын көрсөтүү жолу аркылуу кардарлар менен узак мөөнөттүү, ишенимдүү жана өз ара пайдалуу ишкер мамиле түзүү. Биздин миссия - биздин кардарларыбызга ишенимдүү финансылык колдоо көрсөтүү жана жогорку тейлөө деңгээлин камсыздоо
Компаниянын бийик максаттары бирдей баалулук жана ой-максаттарга ээ тилектештердин командасы менен жүзөгө ашырылат.
Баалулуктар

Биз кардарларыбызга жана алардын идеяларына ишенебиз;

Биз иш жана тейлөө сапатынын тынымсыз жакшырышы үчүн!;

Жылмаюу, сыпайылык жана дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүүгө аракет кылуу биздин команданы бириктирип турат;

Биз кардарларыбыздын ишеничин баалайбыз жана алардын ар бирин урматтайбыз;

Ар бирибиз өз ишибизге жеке жоопкерчиликти сезебиз;