0 800 000 7777 (КР боюнча чалуу акысыз)
Жекшемби | 19.09.2021

“Кыргызстанда орус тил борборлору” долбоору

«М Булак» компаниясы «Апаке» кайрымдуулук фонду менен биргеликте өлкөнүн аймактарында орус тилин үйрөнүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет! Атайын бул үчүн “Кыргызстанда орус тил борборлору” долбоору түзүлүп, анын негизги максаты кыргызстандыктардын балдарына жана чоңдоруна Россияда билим алуу жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн, ошондой эле жергиликтүү орус тил мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу үчүн орус тилин үйрөтүү болуп саналат.

Долбоордун алкагында «Апаке» фонду Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору (Россотрудничествонун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү) менен «М Булак» компаниясынын ортосунда меморандумга кол койду. Биздин өнөктөштүктүн негизги максаты Кыргызстандын мектеп окуучуларына жана орто мектептеринин бүтүрүүчүлөрүнө Россияда андан ары билим алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү болуп саналат. Ал эми өлкөнүн бойго жеткен калкы үчүн - Россиянын шаарларына эмгек миграциясынын чектерин кеңейтүү. Бул үчүн төмөнкүлөр пландаштырылган:

• Россиядан орус тили мугалимдерин тартуу.
• Республикабыздын бардык аймактарында балдар жана чоңдор үчүн орус тилин үйрөтүү боюнча билим берүү борборлорун түзүү.
• Орус тили боюнча жергиликтүү мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча методикалык иштерди өнүктүрүү.
• Биздин жарандардын орус тили жана маданияты жаатындагы билимдерин кеңейтүүгө түрткү берүү.

Мындай тил борборун алгачкылардан болуп Ош шаарында ачуу пландалууда. Курстарды аяктагандан кийин, мыкты бүтүрүүчүлөр Россотрудничество тарабынан ар кандай маданий-билим берүү орус алмашуу программаларына жана Россия боюнча билим берүү экскурсияларына катыша алышат.

«М Булак» компаниясы өлкөдөгү билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу боюнча демилгелерди кубануу менен колдоого алат. Бул долбоордун аркасында көптөгөн мекендештерибиз өнүгүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачат деп ишенебиз.