0 800 000 7777 (КР боюнча чалуу акысыз)
Дүйшөмбү | 06.04.2020

М Булак компаниясы мекендештерге колдоо көрсөтүүнү улантат!

М Булак компаниясы мекендештерге колдоо көрсөтүүнү улантат!

Өткөн жумада М Булактын кызматкерлери 2768 муктаж үй-бүлөнү аныктап, аларды жалпы суммасы 3 321 600 сомду түзгөн азык-түлүк менен камсыз кылышкандыгын айткан элек. Жакында эле "Биз Барбыз" Элдик Штабына азык-түлүк программасын ишке ашыруу үчүн кошумча дагы 820 000 сом бөлүп бердик, анын алкагында дагы 750 үй-бүлө азык-түлүк менен камсыз болушат. .

М Булак компаниясы тарабынан бул акция Ош шаарында да өткөрүлдү.

Ошондой эле, М Булак компаниясы Ассоль Молдокматованын COVID-19 вирусу менен күрөшүүгө багытталган кайрымдуулук иштерине 1500 литр бензин бөлүп берди. .

Азыркы тапта дүйнө жүзү боюнча түзүлгөн бул оор кырдаалда абдан маанилүү жана баалуу кесиптердин бири – бул дарыгерлер. Бул адамдар биздин жаркын келечек үчүн, өздөрүнүн ден соолугун тобокелге салып, талыкпай иштеп жатышат. Биз бардык медициналык кызматкерлерге абдан чоң ыраазычылык билдирип, аларга бул оор кырдаалда максималдуу түрдө колдоо көрсөтүүнү каалайбыз. Бүгүнкү күндө биз коронавируска чалдыккан бейтаптарды даарылоо мезгилинде бул вирусту жуктуруп алган 12 дарыгерге жардам берип, алардын ар бирин 2 апта 3 маал тамак менен камсыздадык.

Биз кайдыгер эмес кыргызстандыктарды жардамга муктаж мекендештерибизди колдоого жана жардам берүүгө чакырабыз, себеби бул оор кырдалды биз биргеликте гана жеңе алабыз!