0 800 000 7777 (КР боюнча чалуу акысыз)
Ишемби | 28.03.2020

Компаниянын кардарлары үчүн жарыя

 
Урматтуу достор, 

Барыбыз үчүн оңой эмес азыркы кырдаалда биз Сиздин ден-соолугуңуз жана ынгайлуулугуңузга кам көрүү үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз.Ошондуктан бир катар жаңылыктарды жарыялайбыз:
 

1. Эми М Булакка насыяны үйдөн төлөсөңүз болот!

Насыя же каржылоо боюнча төлөмдөрдү биздин сайттагы атайын бөлүмдөн жүргүзсөңүз болот - ошол эле жерде сиз төлөп берүүлөрдүн башка ыкмалары жөнүндө билсеңиз болот! Ошондой эле, биздин сайттан Ислам принциптери боюнча каржылоо жана насыя алуу шарттары, компаниянын продуктылары жана акыркы кабарлар тууралуу биле аласыз. Негизги жараяндар жана кардарларды колдоо тышкы жагдайларга карабастан, Сиздин ыңгайлуу пайдаланууңуз жана Сиз менен байланыш үчүн ойлонуштурулган.

 

2. Биз дайыма байланыштабыз!

М Булактын сурап билүү борбору өзүнүн ишин улантып, зарыл болгон маалыматты берүүгө даяр. Биздин сылык жана камкор адистер М Булакта тейлөө менен байланышкан маселелерди чечүүдө Сизге жардам берет. Белгилей кетсек, Кыргызстан боюнча чалуулар акысыз. Эгер суроолор болсо, ар дайым - 0 (800) 000 7777 номерине чалып билсеңиз болот.

 

3. М Булактын кеңселери өз ишин улантууда!

Компаниянын кеңселери өз ишин жана кардарларды тейлөөнү улантат. Карантиндик зонага туш болгон гана кеңселер убактылуу иштебейт.Карантин зонасындагы кеңселердин тизмеси менен бул жерден тааныша аласыздар. Иштеп жаткан кеңселерде оорудан коргоо үчүн бардык алдын алуу чаралары көрүлдү-дезинфекция жүргүзүлүп, антисептикалык каражаттар ж. б. бар. Биздин команда 12 жылдан бери иштеп келе жатат, андыктан ар кандай шарттарда бизнес жүргүзүү колубуздан келет.Демек, кандай гана жагдай болбосун, сиз ишенимдүү тейлөө, керектүү чечим жана кызмат көрсөтүүлөргө ыкчам мүмкүнчүлүк аласыз.