0 800 000 7777 (КР боюнча чалуу акысыз)
Шаршемби | 01.04.2020

«COVID 19» долбоору

Кыргызстанда COVID-19 диагностикалоо массалык лабораториясы ишке кирет. М Булак компаниясы 84 миң 460 АКШ долларын керектүү жабдууларды сатып алууга которду жана 65 миң АКШ долларын вирусту аныктоочу тесттерди алууга берди.

Мындай демилгени биринчилерден болуп «М Булак» микрокредиттик компаниясынын башкы директору Бабур Тольбаев колдоого алды. Ишкерлер менен меценаттар тобунун демилгеси менен коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алууга республикалык штаб жана КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргелешип,COVID-19 дартты аныктоо массалык лаборатория системасын ишке киргизүүдө.

Коронавирус инфекциясы пандемия деп жарыяланган шартта COVID-19 диагностикалоо массалык лабораториясы чоң роль ойнойт.

Долбоорго ылайык, биринчи фазада ПТР ыкмасы менен 10 миң, иммунохемилюминесценттик (ИХЛА) ыкма менен 40 миң тест жасалат.

Долбоор ишкерлер менен меценаттар тарабынан кайрымдуулук ирээтинде каражыланат.

COVID-19ду аныктоонун жалпы суммасы:

  • Биринчи этап-20 миң оорулуудан 50 миң анализ алуу. Бул этапта 578 АКШ доллары керектелет.

  • Экинчи этап – 40 миң оорулуудан 100 миң анализ. Бул этапка 1 млн 381 миң АКШ долларын чогултуу керек.

Корнавирусту аныктоочу бардык этаптар өлкөдөгү эпидемиологиялык жагдайга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлиги менен бирге ишке ашырылат.

Анализ тапшыруу бегиленген тартип менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин жолдомосу аркылуу республика боюнча “Бонецкий Лобораторияларында” жүргүзүлөт. Долбоор ишке киргенден тарта анализди тапшыруу регламенти боюнчаwww.intelmed.kgсайты, лабораториянын расмий сайты жана социалдык желелердеги баракчалар аркылуу маалыматты тактоого болот.

Долбоорду ишке ашырууга бардык каалоочулардан жана меценаттардан каражат чогултуу жарыяланат. Меценаттардын тизмеси долбоордун эсебине каражаттар которулгандыгына жараша толукталат.

Каражаттарды“Апаке”фондунун эсебине "COVID-19" деген белги менен которууга болот. Акча которгон ар бир жаран онлайн режимде каражаттардын чогулуусун көзөмөлдөй алат.

Фонддун реквизиттери:

Алуучу/Beneficiary:«Апаке»Коомдук фонду.Public Foundation “Apake”
 Алучунун эсеби/ Account Number: 1180000087356386
 Алуучунун банкы/ Beneficiary Bank: ЗАО «ДКИБ-Башкы», Бишкек («Демир Кыргыз Интернэшнл Банк»), Чуйпр., 245 Demir Kyrgyz International Bank ( Bishkek, Kyrgyz Republic), 245, Chui Ave.
 БИК/ BIC: 118005
 Толук маалымат www.apake.kg

Мындан тышкары сиздер “Бонецкий Лабораториясынын” эсебине COVID-19 деп белгилеп туруп каражат которсоңор болот:

Банк: ААК "Кыргызстан Коммерциялык Банкы", банктык эсеби (сом): 1030120000567985, банктык эсеп (доллар): 1030120000567985.

Алуучу: ЖЧК "Интелмед" ("Бонецкий Лабораториясы").

 

М Булак компаниясы ишкерлерди жана меценаттарды бул долбоордон четте калбоого жана колдоо көрсөтүүгө чакырат.