0 800 000 7777 (КР боюнча чалуу акысыз)
Шаршемби | 25.01.2023

Компаниянын мыкты кызматкерлеринин ар жылкы слёту!

Качандыр бир кезде улуу француз Эмиль Золя: «Жашоодогу бир гана бакыт – бул, тынымсыз алдыга умтулуу» - деп жазган. Чынында эле - өнүгүүгө, жакшырууга жана өркүндөөгө умтулуу чын жүрөктөн болбосо - азыркы заманбап дүйнөдө бактылуу болуу мүмкүн эмес. Мбулак компаниясы ар бир кардардын каржылык бакыты үчүн өзүнүн кызмат көрсөтүүлөрүн жана кызматтарын дайыма өнүктүрүп, кеңейтип жана өркүндөтүп гана тим болбостон, ар бир кызматкерин кесиптик жана руханий жактан өнүктүрүүгө да умтулат. Мындай иш-чаралардын бири катары жыл сайын өтүүчү Мыктылардын Слету саналат – бул Компаниянын командасынын ар бир мүчөсү үчүн өзүнүн кесиптик жана жеке чеберчилигин дайыма өркүндөтүүгө шыктандыруучу жана түрткү болуучу иш-чара.

Быйылкы жылкы Слет - жер жүзүндөгү эң кооз жана заманбап шаарлардын бири, Европанын эң ири борбору — Баатыр шаар Москвада өттү.  Январь айынын башында талыкпай эмгектенип, таасирдүү натыйжаларды көрсөткөн кызматкерлер үчүн Россия Федерациясынын борборуна укмуштуудай саякат уюштурулду. Окутууларга, семинарларга, мастер-класстарга, эң сонун жана эң кооз жерлерге экскурсияларга толгон бай программа, күчтүү маданий жана оюн-зоок бөлүмү эмоциялардын, таасирлердин жана пайдалардын укмуштуудай аралашмасын түздү.

Комплекстүү иш-чара: экономика, санариптик маркетинг жана баяндамалардан тартып,  экологияга жана өз коркуулары менен күрөшүүгө чейинки көптөгөн багыттарды камтыды. Айтып буткүс энергия тартуулаган, конкреттүү учурларды талдоо, пайдалуу жана колдонулуучу маалыматтардын көлөмү жагынан укмуштуудай тренингдерди Компаниянын негиздөөчүсү, бизнесмен, меценат, коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын бир катар спорт федерацияларынын Президенти, насаатчы Бабур Латиханович Тольбаев өткөрдү. Аны менен болгон ар бир жолугушуу – жакшырууга жана өнүгүүгө болгон мүмкүнчүлүк, ал эми Слеттин катышуучулары бир нече күндү Тольбаев менен тыгыз, активдүү, мазмундуу түз жеке баарлашууда өткөрүүгө чоң мүмкүнчүлүк алышты.

Ошондой эле, санариптик маркетингдин эң белгилүү инструменттери, мобилография жана санариптик өнүгүүнүн башка көптөгөн актуалдуу аспектилерин, социалдык тармактарда жүз миңдеген жазылуучулары бар белгилүү жана популярдуу Борбор Азия блоггерлери көрсөтүшүп жана ой бөлүшүштү.

Физикалык өнүгүүнүн артыкчылыктары да унутта калган жок – марафондор, чуркоо, триатлон боюнча машыгуулар, кызыктуу бий көнүгүүлөрүнөн тышкары, Слеттун катышуучуларынын арасында күчтүү спорттук мелдештер өткөрүлдү.

Эң сонун экскурсиялар жана пайдалуу окуулар менен бирге көңүл ачуулар чеберчилик менен айкалышкан өспүрүмдөр үчүн “Абийирдүү атуул” программасынын эң мыкты бүтүрүүчүлөрү – жогорку жыйынтыктарды көрсөтүп, тапшырмаларды ийгиликтүү аткаргандар жана Бабур Тольбаевдин сунуштарын иш жүзүнө ашырган өспүрүмдөрдүн  Слетка катышуусу дагы бир маанилүү учур жана жаңылык болду. 

Слет, жакшы салтка айланган салтанаттуу жана өзгөчө кечки сый тамак менен аяктады, анда жыйынтыктар чыгарылып, келечекке пландар аныкталды жана - албетте, ар бир адам чын жүрөктөн көңүл ачууга жана эс алууга мүмкүнчүлүк алды. Себеби, жакшы эмгектенген адам, жакшы эс алууга да татыкту эмеспи.

Кезектеги бул Слет, Компаниянын учурдагы ийгиликтерине карабастан, МБулак эч качан жетишкен ийгиликтери менен токтоп калбастан, ар дайым комплекстүү өнүгүүгө умтулуп жана мыкты кызматкерлерин эң сонун жана асыл максатка – Компаниянын ар бир кардарын каржылык бакыт менен камсыздоого шыктандыргандыгынын айкын белгиси болуп калды.