0 800 000 7777 (КР боюнча чалуу акысыз)
Ишемби | 29.05.2021

28-29-май күндөрү Hyatt Regency Bishkek мейманканасында жыл сайын өтүүчү Enactus Kyrgyzstan 2021 @enactus_kyrgyzstan студенттик ишкердүүлүгүнүн улуттук сынагы болуп өттү.

28-29-май күндөрү Hyatt Regency Bishkek мейманканасында жыл сайын өтүүчү Enactus Kyrgyzstan 2021 @enactus_kyrgyzstan студенттик ишкердүүлүгүнүн улуттук сынагы болуп өттү. 

Кыргызстандын булуң-бурчунан келген 20дан ашуун университеттердин командалары бизнес өкүлдөрүнөн турган калыстар тобуна бир жыл ичинде ишке ашырылган социалдык ишмердүүлүк боюнча долбоорлорун сунушташты. 

Командалар Улуттук Чемпион наамы жана өлкөнүн атынан дүйнөлүк аренада чыгуу укугу үчүн ат салышты. 
Ушул жылдын октябрь айында Египетте өтө турган Enactus World Cup 2021ге биздин республикабыздын атынан катыша турган Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинин командасы (Политех) Enactus Кыргызстандын Улуттук Чемпиону болуп аныкталып, 30дан ашык мамлекеттин улуттук чемпиондорунун катарында ат салышат. 
Команда ар кандай мекемелерде 3D карталарын түзүү жана программалоо аркылуу көзү азиздер үчүн багыттоо шарттарын жакшыртууга багытталган долбоорду сунуштады. Ошондой эле, студенттер юридикалык кеңеш алууга жана ар кандай иштер боюнча мыйзамдуу негизделген документтерди иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берген онлайн платформаны иштеп чыгып, ишке киргизишти. 

М Булак компаниясы Enactus программасын ар тараптан колдоп, 12 жылдан ашуун убакыттан бери уюмдун Кыргызстандагы өнөктөшү жана демөөрчүсү болуп келе жатат.