0 800 000 7777 (КР боюнча чалуу акысыз)
Бейшемби | 09.09.2021

Быйылкы жылдын эң чоң жана эң күтүлгөн спорттук иш-чарасы - "М Булак Күз Деми" жакында Бишкекте болуп өтөт!

Салт боюнча «М Булак» компаниясы өлкөдө спортту жана сергек жашоону өнүктүрүү үчүн маанилүү болгон бул иш-чаранын титулдук демөөрчүсү болду. Марафон борбор калаада 2016-жылдан бери өткөрүлүп, дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөй эле Кыргызстандын бардык аймактарынан келген жөө күлүктөрдү бириктирген сүйүктүү жарыш болуп калды.

Жарыш кайда өтөт?

Марафон Бишкек-Манас аэропорту унаа жолунун тилкесинде өтөт. Башталгыч жана бүтүрүү чекити Аска-Таш мемориалдык комплексинде. Минималдуу көтөрүлүү менен ыңгайлуу маршрут жаңы баштагандарга да, ышкыбоз жөө күлүктөргө да жагат.

 Марафонго кимдер катыша алат?

 Марафонго 16 жаштан жогору бардык каалоочулар катыша алат.

Марафон аралыктары 5, 10, 21,1 жана 42,2 км.

Мындан тышкары, бардык катышуучулар иш-чаранын уюштуруучуларынын жана өнөктөштөрүнүн салттуу оюн-зоокторун – балдар жарышын, кол күрөш, аркан тартышты көрө алышат.

Марафонго кантип катталса болот?

Жарышка катталуу үчүн жөн гана катышуучунун анкетасын толтуруп, www.tonus.kg сайтында каттоо акысын төлөө зарыл.

M Bulak Kuz Demi марафонуна каттоо 9-октябрга чейин уланат.

Марафондун бардык катышуучуларына старт топтомдору берилет, алар төмөнкүлөрдү камтыйт: My Laps тайминг чипи менен старт номери, старт номерлери үчүн төөнөгүчтөр, финишчинин медалы, суу, трассаны бойлото финишке чейин камдалган тамак-аш баштыктары, марафондун катышуучусу үчүн эскертме, буюм сактоочу кеңсе үчүн стикер, марафондун өнөктөштөрүнүн арзандатуулары жана бонустары бар маалыматтык материалдар.

Бул иш-чарага катышуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз! М Булак жана @ tonus.kg менен биргеликте сергек жашоого умтулуңуз!