0 800 000 7777 (КР боюнча чалуу акысыз)
Шаршемби | 13.05.2020

М Булак компаниясы Россиядагы кардарларына жардам көрсөтүүдө

М Булак компаниясы Москвадагы, Москва облусундагы жана Санкт-Петербургдагы 2000 ден ашык кардарын азык-түлүк менен камсыздоо үчүн 2,5 млн рубль бөлдү.

Россияда карантин убагында биздин Өзбекстандагы, Кыргызстандагы жана Тажикстандагы мекендештер оор кырдаалга туш болушту. Көпчүлүгү жумуштарынан, турак жайынан жана мекенине кайтуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылышты.

Азык-түлүк менен жардам берүү үчүн оор абалга кабылган эң муктаж үй-бүлөлөр тандалып алынды.

Мындан тышкары, компания «НУР» тажик уюмуна жана «Саховат» өзбек жардам уюмуна 450 миң жана 490 миң рубль эмгек мигранттарына азык-түлүк жана дары-дармек жеткирип берүүгө бөлүп берди.

Компаниянын жүздөгөн кызматкерлери биринчи муктаждыктагы азык-түлүктөрдү сатып алып, кардарларыбызга жеткирип берүүдө. Мындай оор кырдаалда муктаж болгон мекендештерибизге колдон келишинче колдоо көрсөтүүгө аракет кылуудабыз.