0 800 000 7777 (КР боюнча чалуу акысыз)
Бейшемби | 28.10.2021

"50 000 программист - Бир үй-бүлө - бир программист" долбоору.

Кыргыз программалык камсыздоону жана кызматтарды иштеп чыгуучулардын Ассоциациясы (КАРПОУ) бир жарым жылдан бери “50 000 программист – бир үй-бүлө – бир программист” долбоорун ишке ашырууну улантууда. Долбоордун алкагында Кыргызстандын калкынын аялуу катмарын жаңы доордун талап кылынган кесиптерине онлайн окутуу жүргүзүлүүдө. Долбоор IT жана санариптик маркетинг боюнча адистерди даярдайт жана алардын эң мыктыларына жумуш табууга жардам беришет.

Долбоордун демөөрчүлөрүнүн катарында «М Булак» компаниясы, эл аралык уюмдар, анын ичинде ЕРӨБ кызматкерлеринин Коомдук демилгеси, Сорос-Кыргызстан Фонду, Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги жана Winrock International тарабынан ишке ашырылган ЮСАИДдин «Борбордук Азиядагы коопсуз миграция» долбоору саналат.

Акыркы бир жарым жылдын ичинде долбоорго катышуу үчүн 4000ден ашык арыз кабыл алынган, анын ичинен 600дөн ашуун бүтүрүүчүлөр жана ондогон адамдар жумуш менен камсыз болгон. Долбоордун тандалган катышуучулары Кыргызстандын бардык аймактарынан болуп, жарандардын ар кандай категорияларынын өкүлдөрү, анын ичинде жумушсуздар, майыптар, балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү, жалгыз бой аялдар, ошондой эле эмгек эмиграциясында жүргөн мигранттар. Аялдар студенттердин жарымынан бир аз көбүн түзөт.