0 800 000 7777 (КР боюнча чалуу акысыз)
Бейшемби | 10.06.2021

М Булак Балдар футбол лигасынын Жайкы фестивалы соңуна чыкты!

М Булак Балдар футбол лигасынын Жайкы фестивалы соңуна чыкты! Кыргызстандагы балдар арасында спорттук маданиятты өнүктүрүүгө багытталган бул чоң иш-чаранын аякташынын урматына, 10-июнда Ысык-Көлдө фестивалдын жаш катышуучуларына сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Балдар үчүн концерттик программа уюштурулуп, салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө
“Балдар Футбол Академиясы” КФнун БКнин төрагасы Бабур Тольбаев жана Кыргыз футбол союзунун Калыстар комитетинин төрагасы Бахадыр Кочкаров жеңүүчүлөргө - Гүлчө айылынын Алай-Датка командасына фестивалдын кубогун тапшырышып, ошондой эле, 2-3-орундарды ээлеген командалар - Жаңы Жер Юнайтед (Арка) жана Камыш Башынын командасын (Өзгөрүш) куттуктакшты.

Жеңүүчүлөрдөн тышкары, фестивалдын мыкты оюнчулары аныкталды. Ошентип, мыкты бомбардир наамын: Тариелов Нуртилек (Гүлчө) алды. Мыкты коргоочу Баатыров Дооронбек (Арка) болду. Ал эми Жаныбеков Рыскелди (Өзгөрүш) мыкты дарбазачы деп табылды.

Ошондой эле, фестивалдын алкагында М Булак 2021 Балдар Футбол Лигасынын финалынын катышуучуларынын арасында шахмат боюнча мелдеш болуп өттү. Ахунбаев Темирлан турнирде 1-орунду, ал эми 2 жана 3-орундарды Төрөбеков Мухамед жана Бекмурзаев Адилет ээлешти.

Сыйлык тапшыруу аземи майрамдык салют менен аяктады. Балдар бул фестивалга катышуудан эң сонун эстен кеткис көз ирмемдерге ээ болгонуна биз абдан кубанычтабыз! Балдар биздин келечегибиз, алардын талантын өркүндөтүүгө жардам берүү, ошондой эле аларга жаркын эмоцияларды жана бактылуу балалыкты тартуулоо биздин милдетибиз!